​2016-жылы жакырчылыктын деңгээли кыскарган

12-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстанда 2016-жылы жакырчылыктын деңгээли 2015-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы өлкөдө 1 млн. 557 жаран жакырчылыкта жашаган. 2016 жылы статком 5 миң 16 үй-бүлөнүн бюджетине иликтөө жүргүзгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында, 2016-жылы кедейчиликтин деңгээли 25,4 пайызды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга кыскаргандыгы белгилүү болгон.

Иликтөөгө ылайык айыл жакырчылыктын-деңгээли 4,6 пайызга, шаарда 10, 7 пайызга кыскаргандыгы байкалган. Чүй облусунда кедей үй-бүлөлөрдүн саны 5,5 пайызга өскөн. Ал эми башка областардын баарында жашоо шарт бир аз жогорулаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!