​Ар бир бала үч жашка чейин жөлөк пул алат

12-Июнь 2017, Дүйшөмбү


«Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоого сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык үй-бүлөнүн кирешесине карабай, ар бир балага төрөлгөндөн үч жашка чейин жөлөк пул берилет.

Ошондой эле үч, же андан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 3–16 курактагы балдарына да жөлөк пул төлөнөт.

Долбоор кабыл алынса 2018-жылы күчүнө кирет. Аны ишке ашыруу үчүн 8 млрд. сом керектелет.

Эскерте кетсек, Социалдык өнүгүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык учурда жөлөк пулдун орточо көлөмү 874 сомду түзөт жана аны 279 миң бала алат. Мыйзам долбоор күчүнө кирсе, 660 миң балага жөлөк пул бериле баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!