Түптө баңгизатын сактагандар кармалды

20-Июнь 2017, Шейшемби

Түп районунан 11 килограммдан ашык баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алдын ала түшкөн маалымат боюнча, мурда баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон 54 жаштагы Түп айылынын тургуну К. С. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзгөн мезгилде 10 кг. 350 гр. түзгөн марихуана баңгизаты табылып алынды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4- бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.

Ошол эле күнү, мурда ээнбаштык кылмышы менен соттолгон 43 жаштагы Ичке-Суу айылынын Т. М. аттуу тургундун үйүн текшерген учурунда, автоунаа токтоткон жайдын чатырына катып койгон 670 грамм марихуана табылып алынды. Кылмышка шектүү катары кармалган адамдар жашаган жеринен эч жакка кетпөө боюнча тил каттарынын негизинде калтырылышты.

Жогорудагы фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!