Дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтөт

Дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтөт
23-Июнь 2017, Жума

Ордо калаада улан-кыздар арасында дзюдо боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда КРнын Улуттук дзюдо федерациясынан маалымдашты.

Учурда мелдешка катыша турган спортчулардын тизмеси аяктады.

Чемпионатка 18 өлкөдө 332 спортчу катышмакчы. Алар Кытай, Тайбэй, Гонконг, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Арабия, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам.

Мелдеш 1997-2002-жылы туулган улан-кыздар арасында өткөрүлөт. Жалпы 32 комплект медаль ойнотулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!