Унаа кырсыгы катталып, 5 киши жабыркады

20-Июнь 2017, Шейшемби

Бүгүн, 20-июнда Бишкек-Ош жолунда унаа кырсыгы болуп, анын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктан жабыр тарткандарга Суусамырдагы тез жардам кызматы медициналык жардам көрсөтүп, саат 10:00дө Жайыл райондук аймактык ооруканага жеткирилди.

Алардын арасында 4 адам реанимация бөлүмүнө, абалдары оор. Учурда тийиштүү жардамды алышууда.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!