Тыныстанов көчөсү эки айга жабылат

20-Июнь 2017, Шейшемби

Жылуулук түйүндөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектеги Тыныстанов көчөсү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, 21-июндан тарта Тыныстынов көчөсүнөн Киев, Токтогул көчөсүнө чейин убактылуу жабылат.

Жылуулук түйүндөрүн оңдоп түзөө иштери ушул жылдын 20-августка чейин болмокчу. Мындан улам мэрия шаардыктарга жана айдоочуларга ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!