Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча издөө жарыяланды

4-Июль 2017, Шейшемби

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөөгө тоскоолдук кылган жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин тергөө башкы башкармалыгынын маалыматы менен К. Дүйшебаеванын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине ылайык козголгон кылмыш ишин тергөөгө тоскоолдук кылган жаранга издөө жарыяланды.

2014-жылдын март айынын ортосунда Калыбек Эльтуйбасов (Сальянов) менен саунанын ээси А.Н. аттуу жарандар милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иликтөө иштеринин ар тараптүү, адилеттүү болуусуна тоскоолдук жаратып, 2014-жылдын 10-мартындагы видео көзөмөлдө жазылган маалыматарды өчүрүп салышкан.

“Алардын жасаган иш-аракеттери Кылмыш-процессуалдык кодексинин “иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө” беренсине ылайык жүргүзүлүп жаткан иштерге тоскоолдук жаратышкан. 29-июнда аталган факты боюнча ИИМдин тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин “иликтөө ишине тоскоолдук кылуу” беренесинин негизинде 1962-жылы туулган К.Элтуйбасовго кылмыш иши козголуп, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы үчүн сырттан күнөө коюлган”,- деп айтылат маалыматта.

“Ошондой эле Элтуйбасов өлкө аймагынан чыгып кеткен. Мындан улам учурда аны сырттан камакка алуу чечими чыгарылып, издөө жарыяланды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!