​Өкмөт сарык менен ооруган үч эмге жардам берет

5-Июль 2017, Шаршемби

Бир катар массалык маалымат каражаттары жазган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кызжибек Мариповага тармактык министрликтер тарабынан жардам берилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аталган үй-бүлөгө медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кызжибек Мариповага жана анын балдарына зарыл болгон медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Эске салсак, буга чейин Кызжибек Марипова 3 эм балдарын дарылатууга жардам сурайт деген маалыматты turmush.kg сайты жазып чыккан. Маалыматка караганда, 7 жашка келип калган 3 эмдин көзүнүн көрүүсү жакшы эмес. Учурда сарык оорусу менен жабыркап жатышат.

Бирок, жалгыз бой эненин балдарын дарылатууга дарамети жок. Жолдошу балдары боюнда бар кезинде таштап кеткен. Учурда Кызжибек Марипова үйү жоктугунан ата-энесинин үйүндө баш калкалап, апасынын пенсиясы менен күн кечирүүгө аргасыз. Мамлекет тарабынан жөлөк пул берилбей келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!