Боз улан көлгө чөгүп кетти

7-Июль 2017, Жума

Ысык-Көлдө 17 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Долинка айылындагы “Солнечный Берег” пансионатында жаш жигит сууга чөгүп кеткен. ӨКМнин куткаруучулары окуя болгон жерге 16:32 чыгып, 16:42 жетишкен, бирок жеткенге чейин эле атасы баланы суудан чыгарып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирген. Бирок ал бейтапканада каза болуп калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!