Жасалма акча менен жаран кармалды

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Ысык-Көлдө жасалма евро акча каражатын алмаштырууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бостери айылында жайгашкан акча алмаштыруу жайдан 50-55 жаштагы белгисиз европа улутундагы адам 500 номиналындагы 4 даана, жалпысынан 2000 евро акча каражатын алмаштырып жаткан учурда, акча каражаттары жасалма экендигин байкап калган акча алмаштыруучу жайдын кызматкери ошол замат Ысык-Көл райондук милицияга кайрылып, бул окуя боюнча билдирген.

Аталган билдирүү боюнча, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого тартылган мобилдик топ тарабынан жасалма акчаларды өткөрүүгө аракет кылган шектүү адам кармалган. Ал 54-жаштагы КМШнын жараны Л. Валерий болуп чыккан.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары кармалган адамдын өздүгүн изилдөө учурунда, Чүй облустук милициясы тарабынан алдамчылык кылмышы менен издөөдө жүргөндүгү дагы аныкталган.

Аталган факты боюнча материалдар аймактык экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!