​Бишкектеги төрөт үйлөрү жабылды

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бишкек шаары боюнча төрөт үйлөрү профилактикалык иштерге байланыштуу жабылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №2 төрөт үйү 26-июндан 23-июлга чейин, №2 клиникалык төрөт үйү 26-июндан 23-июлга чейин жабылды. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмү 24-июлдан 18-августка чейин, №1 төрөт үйү 14-августтан 8-сентябрга чейин иштебейт.

Ал эми Чүй облустук бириктешкен ооруканасынын төрөт бөлүмү 9-сентябрдан 5-октябрга чейин, шаардык гинекологиялык оорукана 14-августтан 8-сентябрга чейин, Шаардык перинаталдык борбору 6-26-октябрларда бейтаптарды кабыл албайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!