Сариев соц түйүндөрдөгү сүрөттөрү боюнча үн катты (видео)

1-Авг. 2017, Шейшемби

Президенттикке талапкер Темир Сариевге жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Сариевдин расмий өкүлү Назира Ахмедова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тили боюнча экзаменден кийин ал жумушчу сапары менен кетип, учурунда аракет көрө албай калган.

“Жумушчу сапардан келгенден кийин инспектор Чынгыз Мамытов менен байланышып, протокол менен таанышып, ага кол койгондон кийин 1000 сом айып пул төлөдүм. Мыйзам астында баары бирдей болушу керек. Мен мыйзамды ыйык тутам. Барыңарды мыйзамга чакырам”,-дейт Сариев.

“Машинанын туура эмес туруп калышын социалдык сеттерде негизинен жарандык активистер катуу талкууга алган. Деги эле жарандык активдүүлүк жөнүндө өзгөчө айткым келет. Бул биздин акыркы убакта ээ болгон чоң байлыктарыбыздын бири. Анткени, активдүү жаштарыбыз, атуулдарыбыз ар бир нерсеге тез таасирин берип жатат”,- деп кошумчалаган ал

Эскерте кетсек, социалдык түйүндөрдө мурдагы өкмөт башчы, президенттикке талапкер Темир Сариевдин унаасы Улуттук университеттин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгинин үстүндө токтоп турган сүрөтү “Фейсбукта” кызуу талкууланып, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Мындан тышкары анын рулда коопсуздук курун тагынбай отурган сүрөтү чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!