МИК: ар бир облуста эконом класстагы үйлөрдү курат

2-Авг. 2017, Шаршемби

Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстандын ар бир облусунда эконом-класстагы үйлөрду курат.

Аталган мекеменин маалымат катчысы Зирек Асанова билдиргендей, ушул тапта Нарын облусунда үй кура турган курулуш компаниясы тандалып алынып, келишим түзүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары Баткен, Жалал-Абад жана Талас шаарларында 5 кабаттан турган 60 батирлүү үйлөрдүн курулушун долбоорлоо-сметалык документтери даярдалды.

Республиканын ар бир облус борборунда курула турган жаңы 5 кабаттуу турак жайлар 60 батирлүү болот, алардын 30у эки бөлмөлүү болсо, калган жарымы бир бөлмөлүү.

Аталган курулуш обьектилерин каржылоо МИК аркылуу ишке ашырылат. Мекеме 2020-жылдын аягына чейин 130 миң чарчы метр турак жай курууну пландаштырууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!