Жээнбеков Гуолтни менен жолугушту

2-Авг. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 2-августта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков АКШнын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтнини дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы АКШ элчисине активдүү дипломатиялык ишмердүүлүгүнө жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык активдүүлүктү өзгөчө белгилеп, жакында эле Кыргызстанга ири америкалык компанияларды өкүлдөрүнүн келишин жана Бишкек шаарында өткөн бизнес-форумду атады.

Элчи Шейла Гуолтни дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн өкмөткө ыраазычылыгын билдирди.

Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылы августта дайындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!