Жаңы архивдик имараттын курулушу аяктады

3-Авг. 2017, Бейшемби

Сокулук районунда үч кабаттуу жаңы архивдик имараттын курулушу бүттү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат борбору билдиргендей, райондук архивдин имараты авариялык аблда болгондуктан ордуна жаңы имарат курулган.

Курулуш иштери үчүн республикалык казынадан капиталдык салым беренеси боюнча 24 млн. сом сарпталган. Жаңы имарат өлкөдө эң биринчи архивдик материалдарды сактоо жана архив кызматкерлер үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттагы мекеме болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!