​Бишкекте кумсалар журналистти сабашты

3-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкекте кечээ, 2-августта кумсалар radar. kg маалымат агенттигинин редактору Карачач Шакированы сабап, камерасын талкалап салышкан.

Бул тууралуу журналист соцтүйүндөгү өздүк баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, кумсалар ага кол көтөрүп, сөйкө шуруларын жулуп салган.

“Бүгүн эртең менен баш мээм чайкалып жана башка жаракат алып бейтапканага жаттым. Тартуу учурунда мага гейлер жана транссексуалдар кол салып, мени сабап, камераны талкалап салышты. Кийимимди айрып, сөйкө, шурумду жулушту. Учурда тартылган тасманы калыбына келтирип жатам. Кийинчирээк тасманы жарыялайм”,-деп жазат журналист.

Ал кол көтөргөндөрдүн арасында мамлекеттик жумушта иштеген чоңдордун балдары бар экенин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!