Үркүнгө карата президент кайрылуу жасады

3-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 3-август 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшү – Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү. Бул датага байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады.

Мамлекет башчынын кайрылуусунда 1916-жылдагы кыргыздар чачырап барып, аз жерден жок болуп кете жаздаган бул окуя бир жыл мурда — 100 жылдыгында мамлекеттик деңгээлде белгиленип, акыры тарыхтагы акыйкат ордун алгандыгы айтылат.

Ошондой эле, президент Атамбаев кыргыз элинин тарыхындагы эң трагедиялуу барактардан болгон бул каргашаны ондогон жылдар бою улуттук эс-тутумдан жоготуу аракеттери болуп, жигердүү жана патриот жаштардын тарыхый чындыкка жетүү аракеттери жогору жактан ойдогудай колдоо таппай калгандыгын белгилеген.

«1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган. Андан кийин дагы көптөгөн жоготууларга карабастан, элибиз изги тилегине жетти. Кыргызстан азыр дүйнөдө, региондо өз орду бар, келечектүү өлкө!

Биз тарыхтан таберик болуп келген мамлекетибизди жана эркиндигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Өткөндү унутпайлы. Кыргыз жери үчүн, эркиндик үчүн шейит кеткен боордошторубузду эстен чыгарбайлы. Кыргыз көчү эч качан бириндебей, жолунан адашпай, түз кетиши керек», — деп айтылат өлкө башчысынын кайрылуусунда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!