Аткаминерлер Үркүн курмандыктарын эскерди

3-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 3-августта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Ата Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы улуттун боштондук күрөштө каза болгондорду эскерди.

Үркүн курмандыктарын эскерүү зыйнатына президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.

Эскерүү иш-чарасынын башында 1916-жылдагы окуяда кайтыш болгондорго арналып Куран окулду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш жыл сайын август айынын биринчи жумасында улуттук боштондук күрөштө курман болгондорду эскерүү күнү катары токтом кабыл алган.

Өткөн жылы 2-сентябрда “Үркүн” окуясынын 100 жылдыгына арналып “Ата-Бейит” улуттук тарыхы-мемориалдык комплекс ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!