Президент жабыр тарткандарга каражат тапшырды

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган тургундар менен жолугушуп жатып, 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берди.

Мамлекет башчысы бул каражат Курман айтка карата берилгенин айтып, жер көчкүдөн набыт кеткен маркумдарга өзүнүн атынан куран окутууну сунуштады.

Эскерте кетсек, жаз алды менен Ош облусунун Өзгөн районунда жер көчкү алты кишиден бир үй-бүлөнү толугу менен, көп өтпөй жер үйдөгү 24 кишини басып калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!