Курман айт намазы саат 06:00 башталат

30-Авг. 2017, Шаршемби

Быйылкы жылы улуу Курбан айт намазы 1-сентябрда Бишкек шаарындагы эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:00 башталмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Айт намаздын программасы:

06:00-07:00 Дин аалымдарынын баяндамалары

07:00-07:20 Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы

07:20-07:30 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн куттуктоосу

07:30 Айт намаз

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!