70 балага окуу куралдары берилди

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары таратылды.

Билим күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары менен толтурулган баштыктарды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев белекке бергенин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаар башчысы Кадырбаев мектеп окуучуларына жаңы окуу жылы ийгиликтүү башталып, билимдүү жаштардан болуп, ата-эненин эмгегин актагыла деген тилектерин билдирди.

“Билим гана адамды эркин жана бийик кылат. Андыктан билимдүү болгула. Алган билимиңер менен келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, эл үчүн кызмат кылган жаштардан болуп чоңойосуңар деп ишенем”,-деди Кадырбаев.

Жалпысынан шаардагы 70ден бала окуу куралдарын алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!