Алайдагы кырсыктан 3 адам көз жумду

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Алай районунда эки жүк ташуучу унаа кагылышып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-августка караган күнү түнкү саат 1:30 чамасында Нура айылдык аймагында жол кырсыгы катталган. Анда “Hyundai Porter” жана “ЗИЛ-130” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен улам “Hyundai Porter” унаасынын 63 жаштагы айдоочусу жана анын 38, 36 жаштагы эки баласы кырсык болгон жерде көз жумган. Экинчи унаанын 35 жаштагы айдоочусу жана 4 жүргүнчү ар кандай жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!