Экватордук флейтачы кыргыз жеринде обон созду (видео)

5-Сен. 2017, Шейшемби

Кыргызстанга эквадордук атактуу музыкант, флейтачы Лео Рохас келди. Ал ордо калаада өтүп жаткан дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалынын алкагында, 4-сентябрда кыргыздын музыкалык аспаптардын коштоосунда флейтада ойноду. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Атактуу музыкант өзүнүн сыйкырдуу флейтасын Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда "маданий көп түрдүүлүк" концертинде ойногон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!