Казакстандыктар Каримованын наамын колдоп жатышат

5-Сен. 2017, Шейшемби

Белгилүү ырчы Самара Каримовага жакында эле КРнын эмгек сиңирген артисти наамы мамлекет башчысынын жарлыгынын негизинде ыйгарылган эле. Көп өтпөй соцтармактын колдонуучулары ырчынын наамы тууралуу азыркы мезгилге чейин ар кандай билдирүүлөрдү калтырып жатат. Кээ бири ырчыга наам эрте берилгенин сындап жазышса, айрымдары сыйлыкка татыктуу экендигин билдирүүдө.

Ал эми Казакстандын соцтармактын колдонуучулары ырчы тууралуу дагы өздөрүнүн пикирин билдиришүүдө. Айрымдарынын пикири менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Фейсфуктагы өздүк баракчасына Эльмира Дауренбекова атуу казак колдонуучу ырчынын алган наамы тууралуу буларга токтолгон:

“Казак элинин булбул үндүү ырчысы Куляш Байсейтова эжебиз 25 жашында “Казак элинин эл артисти” наамын алган. Сыйлык бирөөгө эрте, кээ бирине кеч буюрат. Көп жылдар маданият айдыңында иштеп, көзгө көрүнөөр көрүнбөс эмгеги болбосо кур бекер өткөн жылына карап берген атак атакпы?

Жаш болсо да тынбай эмгегин өтөп, өзүнүн талантынын аркасы менен көрөрмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, ар бир концерти аншлаг менен өтөт. Быйыл Москва шаарында берген концерти ошонун далили. Андыктан чыныгы өнөрү эмгек менен бааланууга тийиш. Күнүгө радиодон ырлары кетип отурса, эфирден клиптери көрсөтүлүп жатса, эл жерде аралап жеке чыгармачылык концертин коюп жатса таза эмгек эмей эмне? Жараткан тил, сөздөн сактасын мен Самара менен тыгыз байланышта болгонумдуктан анын өнөрү менен тыгыз кабарым бар. Соцтарматка бир нече күндөн бери Самаранын кубанычтуу кабарын бөлүшкөн айрым пикирлердин арасындагы билдирүүлөрдү окуп алып наалыдым. Казактын атактуу жазуучусу Габит Мусирепов агабыз “Мен Казакты мактабаймын, мен казак менен мактанам” деген экен. Ошондуктан бир туугандар өз кыздарыңырды өздөрүңүздөр баалап мактаңыздар.

Кыргыз эли дегенде Манастай, Токтогулдай атабыз эске түшөт. Кыргыздын ырларын Саламат Садыкова аркылуу уктук эми анын арасында жаңы ысым Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова дагы кошулду. Куттуу болсун!”,-деп пикирин калтырган Эльмира Дауренбекова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!