​Айымдардын ажарын ачкан Лоунун кийимдери

6-Сен. 2017, Шаршемби

Жакында И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде билим күнү белгиленип, мында аталган окуу жайдын жеңил өнөр жай технологу адистиги боюнча окуган 2-курсунун студенти Лоу Мадина өзүнүн коллекциясын тартуулады.

Окуу менен катар дизайнерлик кесипти чогуу аркалаган Лоу бул өнөргө бала кезинен кызыгаарын айтат.

«Мен бала кезимден эле куурчактарыма кийимдерди тигип жүрдүм. Кыялымда көптөгөн идеяларым бар эле. Бирок алардын баарын кагазга түшүрүп, жаратууну билген эмесмин. Ал эми азыр идеяларымды ишке ашырууга абдан ыӊгайлуу шарт түзүлгөн. Жеңил өнөр жай технологу кафедрасынын бөлүм башчысы Илима Рысбаева эскиздеримди дыкат карап кеӊешин берет. Мага классикалык стил жагат. Ошондуктан бул коллекцияларым дагы классикалык стилден турат»,-дейт Лоу.

Студенттин кийимдеринин карап отуруп кызыл менен кара түскө көп басым жасаганын көрүүгө болот. Мунун себебин кызыкканыбызда Лоу буларга токтолду.

“Туура байкагансыз, кийимдерге көбүнчө кызыл менен кара түскө көп басым жасап, тандап алгам. Себеби бул түстөр модада актуалдуу. Классиканын негизги түстөрү да. Алгач эскизди түзүп жатканда ыӊгайлуулукка басым жасадым. Ошондой эле бири-бири менен төп келишкенине көӊүл бурдум. Мисалы кара көйнөктү карап көрсөӊөр, өзүн эле кийсе классикалык стиль. Ал эми үстүндөгү ак жапкычты кийсе майрамдык кийим болуп калат»,-деди ал.

Ар бир иштин артында талыкпаган эмгек жатаары баарыбызга белгилүү. Лоу алгач кийимдерди тигип чыгарууда бир катар кыйынчылыкты башынан өткөргөн. Акырындык менен тажрыйба алган соң азыр көздөгөн кийимдерин аз убакытта тиккенин айтат.

“Сөзсүз кыйынчылыктар болду, өзгөчө кийимдерди тигип жатканда окшошпой калып, туура эмес тигип алган учурларым болду. Кээ бири дароо эле даяр болуп жатты. Алардын айрымдарын бир айдын ичинде ойлоп жасаган коллекциямдын кээ бирлерин дароо сатып алышты. Колекциямды «Лоу Мадина» деп атадык. Бардыгын ата-энемдин каражатына даярдадым. Келечекте сапаттуу кийимдерди чыгаргым келет. Бирок кыялдарыӊ ишке ашып жатса жана сени колдогон мугалимдердин болгону мага дем күч берет»,-дейт каарманыбыз.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!