Карактоого аракет кылган жигит кармалды

6-Сен. 2017, Шаршемби

Бишкектик тургундун үйүн түн жамынып карактоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын тургунун үйүнө белгисиз адам кирип, уюлдук телефонун жана дагы башка буюмдарды уурдап кетүүгө аракет жасаган маалда, үндөрдү уккан үйдүн ээси ойгонуп, жардамга чакыра баштаган учурда, кылмышкер окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жогорудагы факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “тоноого аракет жасоо” бернесине ылайык кылмыш иши козголгон.

“Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, кылмышка шектүү адам катары Жалал-Абад облусунун 27 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү маалында, аталган кылмышты жасагандыгын мойнуна алган. Учурада ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары уланууда”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!