Жайлоодо байланган адамдын сөөгү табылды

6-Сен. 2017, Шаршемби

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында колу байланган адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынанан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жайлоодо табылган 20-25 жаштагы адамдын сөөгүн алгач жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, маркум жылаңач жана колу жип менен байланып жатканын көрүшкөн. Анын денесинде көк ала тактар жана кабырга сөөктөрү сынганы белгилүү болгон.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, маркумдун өздүгүн аныктоо аракети көрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!