Өзбекстан Анжиян-Ош-Кашкар жолун ачууга ниеттенүүдө

7-Сен. 2017, Бейшемби

Кыргызстан менен Өзбекстан бийлиги Анжиян-Ош-Кашкар трассасын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карашууда. Бул тууралуу 6-сентябрда “Достук” чек ара өткөрмө бекетинин ачылыш аземинде Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов билдирди.

Анжиян облусунун акими Шухрат Абдрахманов чек аранын эки тарабында жашап келе жаткан өзбек эли телеграмма деген балээден кутулуп, тууган-урук, жек-жаат менен эркин катышып каларын айтып кетти.

Белгилей кетсек, 6-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлган. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын 85 пайызын макулдашканы боюнча да документ бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!