​Идирис Айитбаев калкка кайрылуу жолдоду

7-Сен. 2017, Бейшемби

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргызстандык төкмө акын Идирис Айитбаевге эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн автоунаа жана үй белек кылган эле. Акындын белегине ортоктош болгон кыргыз эли учурда сыймыктануу менен кабыл алышып, акынга мындан ары чыгармачылык ийгиликтерди каалап жатышкан учур. Ал эми Идирис Айитбаев өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасы аркылуу алганы сыйлыгы, жакында эле төкмө акындардын айтышында 3-орунга ээ болгондугу туурасында өзүнүн пикири менен бөлүштү.

“Урматтуу менин кубанычыма менден ашып кубанып жаткан Аллах сүйгөн асыл инсандар-туугандарым жана боордошторум, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Сыйлык меники болгон менен сыймык элдики болот. Анткени бизди эл гана даңазалап турат. Алынган белектерге себепчи болгондун баарына Аллах Таалам ыраазы болсун.

Президентибиз урматтуу Алмаз Шаршеновичтин мага болгон ыраазычылыгын жана ошол жердеги кубанычын көрүп башым асманга жетти. Бооруна кысып "ата-энеңе рахмат, бизди аябай кубанттың" - дегени алигиче кулагыман кетпей жаңырып турат...

Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн президенти урматтуу Шавкат Мирамановичтин ордунан тура калып жардамчыларына мен үчүн белек кылып бир унаа жана Андижандан бир үй берилсин деген тапшырмасы өмүрү эл алдында толкундабаган денемди калтырата салды. Ал учурдагы кубанычты тажрыйбасыз акындык өнөр менен да сүрөттөп бере албайм...",-деп жазды төкмө акын өздүк баракчасына.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!