Жаңы конуштардагы карыялар кошумча киреше табууда

12-Сен. 2017, Шейшемби, 14:26

Бишкек шаарынын жака белиндеги жаңы конушта жашаган улгайган кишилер өз ара топ түзүп, күнөскана иштетүү, тоок, бөдөнө багуу менен алектенишүүдө.

Жети жаңы конушта жашаган карыларга “Арыш” коомдук бирикмеси тарабынан 9 багытта жардам берилип жатат. Долбоор DCA Central Asia эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Аталган коомдук бирикменин жетекчиси Мааматкул Айдаралиевдин айтымында, эки жыл ичинде 7 жаңы конушта түзүлгөн өз жардам топторуна күнөскана иштетүү, эчки, тоок, бөдөнө, биогумус жасоо, чакан навайкана иштетүү, жашылча-жемиштерди консервациялоо үчүн каражаттар берилген.

“Айрым конуштардагы жашоо айыл жашоосун эске салат. Анда жашаган кары адамдардын мүмкүнчүлүгү шаардык пенсионерлерге караганда чектелүү. Аларга кошумча киреше табуу кыйын. Биздин долбоор жаңы конушта ишкердик жүргүзүүгө шарт түзүп берет. Алар бир топко биригишип, өздөрүн азык-түлүк менен камсыздашат жана өз бюджетине пайда алып келишет”,-деди Айдаралиев.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!