АКШдагы мекендештер 50 жетим баланын жылдык чыгашасын көтөрөт

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:15

АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган кыргызстандыктар ата-энесинин камкордугусуз калган 50 баланын бир жылдык чыгымын каржылай турган болду.

Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов “ZAMAN.KG”ге билдирди.

Анын айтымында, Америкадагы мекендештер фонддун “Бир демөөрчү – бир окуучу” долбоорунун алкагында Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы №71 жатак мектепте билим алып жаткан 50 окуучунун бир жылдык чыгымын өз мойнуна алышкан.

Орто эсеп менен бир окуучуга кете турган чыгым жылына 500 долларды түзөт. Жатак мектепте билим алып жаткан 200 окуучуну аталган фонд мамлекет менен бирге өз көзөмөлүнө алган. “Бир демөөрчү – бир окуучу” акциясы аркылуу балдардын билим алуусуна, жашоосуна, сабактан тышкары түрдүү ийримдерге катышуусуна, кесипке ээ болуусуна жардам берет.

Хабибулла Арзыкулов АКШга атайын иш-сапары менен барып, ал жерде эмгектенип жаткан мекендештер менен жолугушууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!