Унаа жолдон чыгып, оодаралып кетти

25-Ноя. 2017, Ишемби, 13:22

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жеңил унаа кырсыкка кабылып, беш адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 24-ноябрда жогоруда аталган жолдун 180-чакырымында, Кочкор районунун Сары-Чат тилкесинде «Субару Легаси» үлгүсүндөгү жеңил унаа башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен улам 1 эркек киши, 3 аял киши жана 1 кичинекей бала жаракат алган. Аймактагы ӨКмнын куткаруучулары аларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда кырсыктын себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!