Бир да жолу ремонт болбогон мектеп толук оңдоодон өтөт

26-Сен. 2017, Шейшемби, 10:58

Мындан 32 жыл мурун курулуп, бир да жолу ондоо иштери жүргүзүлө элек Чоң-Алай районунун Карамык айылындагы В.И. Ленин атындагы мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков аталган районго иш сапары менен менен барган учурда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жыл сайын жергиликтүү бюджеттен ремонт иштерине атайын каражат бөлүнгөнү менен бул аракет, маселени толук чече албай жатат.

Мектептин абалы менен таанышкан Исаков мекемени капиталдык оңдоодон өткөрүү керектигин тапшырып, заманбап шарттар менен камсыздаларын убадалады.

Аталган мектеп 610 окуучуга ылайыкталган.

Премьер-министр мындан сырткары Чак, Кулчу, Кашка-Суу айылдарындагы агартуу жайларынын курулуш ишетри менен таанышып, аймактын климаттык шарттын эске алуу менен тез арада бүтүрүп, ишке киргизүү зарылдыгына токтолду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!