Сары-Челек коругунда Израилдин жараны изделүүдө

27-Сен. 2017, Шаршемби, 10:57

Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек коругунда 22 жаштагы Израилдин жараны изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында 23-сентябрда Сары-Челек коругунда Израиль мамлекетинин жараны дайынсыз жоголгон.

Ал эми кечээ, 26-сентябрда саат 13:55де издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жолго чыгып, кечки саат 20:00 чамасында Сары-Челек коругунун адисинин үйүнө жетишип, ошол жерде түнөп калышкан. Издөө иштери бүгүн, 27-сентябрда улантылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!