Төлөгөновдун соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды

27-Сен. 2017, Шаршемби, 17:18

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Райкан Төлөгөновдун соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Мекемеден маалымдашкандай, отурумдун жылдырылуусуна айыпталуучунун жактоочусунун жеке жумуштары чыгып сотко келе албастыгы себеп болгон.

Эскерте кетсек, 28-мартта Төлөгөновго Кылмыш кодексинин тактап айтканда "талап-тоноо уюштуруу", "атайылап мүлктү жок кылуу жана зыян келтирүү", "куралдарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, сактоо" беренелери боюнча, 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши козголгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!