Паспортту үйгө жеткирүү кызматы ишке кирди

28-Сен. 2017, Бейшемби, 10:07

Мамлекеттик каттоо кызматы паспортту үйгө чейин жеткирүү кызматын ишке киргизди.

Аталган мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, даяр болгон паспортту "Кыргыз почтасы" мекемеси арызда көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткирип берет.

Паспортту үйгө жеткирүү кызматы калкты тейлөө, каттоо борборлору, паспорт бөлүмдөрүндө ишке ашырылат. Бул кызматты колдонгусу келгендер арыз жазып, акысы үчүн 100 сом төлөшү керек.

Белгилей кетсек, паспортту үйгө жеткирүү кызматы “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!