Психикалык ден-соолукка мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулат

28-Сен. 2017, Бейшемби, 10:29

Өкмөт психикалык жактан жабыркаган жарандар үчун атайын программа кабыл алат

Бул тууралуу өкмөттө өткөн жыйында премьер-министр Сапар Исаков маалымдап, мамлекеттик программаны бекиткен токтомдун долбоорун талкуулап, ага кол коюудагы документ иштерин тездетүүнү тапшырды.

«Психикалык ден-соолукту коргоо боюнча жаңы программа керек. Маселени жаңы көз караш менен карап, аны чечүүгө убакыт келди. Биз онкоголигия, жугуштуу оорулар жана кургак учук маселесине өзгөчө көңүл бурдук. Бул жакта өзгөрүүлөр байкалууда. Саламаттыкты сактоо тармагында эң артта калган психикалык ден-соолук багытана өзгөчө көңүл бурулуп, узак мөөнөттүү программаны ишке ашырууга ар тараптан колдоо көрсөтүлөт», – деди Исаков.

Оорунун негизги себептери катары ал социалдык-экономикалык фактор болгон миграция, жашоонун узактыгы, калктын картаюусу, өз өмүрүнө кол салуу, адамдын психикасына доо келтире турган активдүү каражаттарды колдонуу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка көйгөйлөрдү атады.

Мамлекеттик психикалык ден-соолукту коргоо программасынын 2017-2030-жылдарды камтып, бул аралыкта психикалык абалды чыңдоо, психикалык жактан жабыркоону алдын алуу, жеткиликтүү медициналык жардам менен камсыздоо жана боорукердик түзүмдөрдү көрсөтүү, жергиликтүү деңгээлде психикалык абалдарга комплекстүү кызмат көрсөтүү, айыктырууну тездетүү, адамдардын укуктарын коргоо жана өлүмдүн санын, оорунун санын көбөйүшүн жана психика жагынан жапа чеккендердин санын төмөндөтүүгө багытталат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!