Россиядан коомдук унаа алып келүү пландалууда

28-Сен. 2017, Бейшемби, 10:39

Премьер-министр Сапар Исаковдун Россияга жасай турган расмий визитинин алкагында газ менен жүрө турган коомдук транспортторду алып келүү пландалууда.

Бул тууралуу күн мурун өкмөт башчы Исаков Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин студенттери менен жолугушууда маалымдады.

Айтымында, ушул тапта Россиядан 500гө жакын автобус алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Исаков жолдордогу унаа тыгындарын азайтуу үчүн чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, унаа тыгынын жаратууга маршруттук таксилер себепчи болуп жатканын жүйө келтирди.

Жолугушууда аткаруу бийлигинин жетекчиси студенттердин суроолоруна жооп берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!