​Нарында адам сатууга каршы флешмоб өттү

17-Окт. 2017, Шейшемби, 11:45

Нарын шаарынын Смарт-парк, борбордук аянтында жана Жаштар үйүнүн алдында К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинин студенттери тарабынан флешмоб өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чара «Адам сатууга каршы 100 күндүк» акциясынын алкагында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана «НурЖолБер» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Акциянын максаты адам сатуу боюнча көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу жана адам сатуу маселесин алдын алуу болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!