Памирлик наристеге Алмазбек деген ысым ыйгарылды

24-Окт. 2017, Шейшемби, 11:01

Памирден көчүрүлүп келгенден кийин көз жарган Жаанбү Маматзайым кызынын уулуна президент Алмазбек Атамбаевдин урматына Алмазбек деген ысым ыйгарылды.

Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев «ZAMAN.KG» маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, наристенин ата-энеси ушундай чечим кабыл алышкан.

«Алар президент Алмазбек Атамбаев Памирден тарыхый мекенине көчүрүп келип, чоң жардам кылды. Кыргызстанга келгенден кийин туулган балабыздын атын президенттин урматына Алмазбек деп коюуну чечтик дешти»,-деди Узакбаев.

Ал кошумчалагандай учурда эне жана баланын ден соолугу канаттандырарлык.

«Энеси медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Анын жүрөгүндө тубаса кемтик бар экен. Ал кемтик жашоо-шартка байланыштуу болгон. Деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жашап жүрүп, төмөн аймакка түшкөндө өзүнүн ордуна келип калат. Ал эми ымыркай 33 жумалык болуп ара төрөлдү. Салмагы кош бойлуулук жумалыгына 2 кило 400 грамм болуп төрөлдү. Баланын абалы канааттандырарлык, өзү эмип жатат. Азырынча Жал кичи районундагы ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө экинчи этапка жиберебиз. Ал жакта салмак кошуп, тороло баштаганда үйүнө чыгарабыз»,-деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, наристе 21-октябрь күнү жарыкка келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!