​Бишкектик тургун гашиш менен кармалды

24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:11

Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну гашиш баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинен С.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Текшерүү учурунда баштыктан 100 даана ширенкенин кутуларына салынган, өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү “гашиш” баңгизаты табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 1 килограмм 118 граммды түзгөн.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!