Чек ара боюнча парламентти сынга алышты

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:23

Кыргызстандык активисттер кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн оор кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын үн катпаганын сынга алышты.

“Элдик бирикмелер кеңешинин” төрагасы Алга Кылычев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды чечүү аракети өкмөт тарабынан гана жүргүзүлүүдө.

“Жогорку Кеңештин депутаттарын эл шайлаган. Бүгүнкү күндө чек арадагы тоскоолдуктардан улам карапайым эл, ишкерлер кыйналып жатат. Депутаттар бир гана өкмөткө жүктү артпай чек арадагы абалды жөнгө салууга кол кабыш кылышы керек”,- деди Алга Кылычев.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!