​Айылда тамеки тарткан кыздар көбөйгөн

31-Окт. 2017, Шейшемби, 16:15

Кыргызстанда аялдар арасында тамеки чеккендер көбөйүп жатат. Соңку 5 жылдын ичинде айымдар арасында чылым чеккендер 3 эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн башчысы Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы кездерде айыл жергесинде тамеки чеккен айымдардын саны жогорулаган.

“Тамекини көбүнчө жаш кыздар, окуучулар, жаш келиндер чегип жатышат. Дагы бир баса белгилеп кетчү жаман көрүнүш айыл жергесинде тамеки чеккен кыздар көбөйүп баратат. Мындан 10 жыл мурда айылда кыздардын тамеки чегиши өтө жат көрүнүш катары айтылып, ойго келбей турган иш эле. Азыр болсо күнүмдүк көрүнүшкө айланып калды. Ошон үчүн буга терең көңүл буруш керек. Анткени кыздар эртеңки эне болгондуктан балдары аман-эсен төрөлүшү жана ден соолугу бекем болуш үчүн бул жаман илдетке такыр жолобошу керек”,-деди ал.

Сооронбаев кошумчалагандай, кыздардын бул жаман көрүнүшкө баруусунун негизиги себеби чылым чегүүнү мода катары көрүп жатышат.

“Аялдардын бул нерсеге азгырылышы гезиттерди көп окуп, телевидение аркылуу маалымат алып чылым чегүүнү мода катары кабыл алышууда. Айрыкча тамекиге азгырылган кыздардын аң-сезими, маданияты, түшүнүгү өтө төмөн. Тарбия көргөн, аң-сезими жогору кыздар эч качан мындай жаман адатка жолошпойт”,-деди Сооронбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!