Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу жыйын өтөт

3-Ноя. 2017, Жума, 10:35

Кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек 15 пайызы боюнча тараптардын биринчи жыйыны болот.

Бул тууралуу КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Ташкентте өткөн жыйынынын алкагында кыргыз, өзбек өкмөт башчыларынын жолугушуусунда маалым болду.

Тараптар жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу, үчилтик темир жолду (Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан) куруу, эки өлкөдө маданият күндөрүн өткөрүу тууралуу сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 85 пайыз бөлүгү делимитацияланып, эки мамлекеттин башчылары расмий Ташкентте жолугушууда кол коюшкан. Калган 15 пайыз бөлүгүн ушул жылдын аягына чейин тактоо сүйлөшүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!