“Элес” тобунун солисти Аидин Жумалиев каза болду

3-Ноя. 2017, Жума, 10:56

Легендарлуу “Элес” тобунун солисти Аидин Жумалиев каза болду.

Бул тууралуу теле алып баруучу Ассоль Молдокматова фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Ырчы Аидин Жумалиев көп убакыттан бери боор оорусу менен жабыркап, Түркияда дарыланып жаткан.

Ырчынын дарылануусу үчүн өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 500 миң сомдук жардам көрсөткөн. Ушул жылдын 2-октябрында Бишкекте кайрымдуулук концерт уюштурулуп, Аидин Жумалиевдин дарылануусу үчүн бир миллион сом чогулган.

Аидин Жумалиев "Элес" тобунун мүчөсү болгон. Легендарлуу бул топ сахнада 17 жыл ырдаган. Быйыл июль айында топ кайрадан түзүлгөн.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты жекшемби күнү Бишкек шаарынын 12 кичи районунда өтөт. Сөөгү Токмок шаарында жерге жашырылат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!