Казакстандын жардамынан баш тарттык

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:13

Бүгүн, 16-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «ЕАЭБге кирүү шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү» жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денонсациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, мыйзамдын 2-беренесинин жоболору менен Тышкы иштер министрлигине Казакстан тарапка кабарлоо милдети тапшырылды.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 9-ноябрда кабыл алынган. Өкмөт кошуна өлкөнүн 100 млн. доллар көлөмүндө берүүчү жардамынан баш тартууну сунуштаган. Өкмөт аны жогоруда аталган каражатка муктаж эмес экендиги менен түшүндүргөн.

Бул расмий документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!