​«Кара-Жыгач» конушуна жаратылыш газы берилди

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:01

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектин Октбярь районундагы «Кара-Жыгач» конушунун тургундарына жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.


Жаратылыш газы Кыргызстанда газдаштыруу иштеринин алкагында жүзөгө ашкан. Жалпы узундугу 30,1 чакырымды түзгөн газ түтүгү орнотулуп, 151 абонентке туташтырылды. Кийинки жылга чейин толугу менен газдаштырылмакчы.

Иш-чарага Октябрь райондук администрациясы, «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!