Беш балалуу жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлдү

1-Дек. 2017, Жума, 10:52

Оштогу Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүндө 5 балалуу жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жооптуу имам хатиби Абдылда Исламовдун демилгеси менен Баш-Булак айылындагы беш балалуу жалгыз бой эне Жийдегүл Батыровага жардам берилди. Иш-чарага айылдык аксакалдар кеңешинин мүчөсү Анарбай Сатаров, жаштар кеңешинин өкүлү Руслан Осмоновдор катышты.

«Жалгыз бой эненин жолдошу бир нече ай мурда жол кырсыгынан улам каза болгон. Балдарынын улуусу 4-класста, кенжеси 4 айлык наристе болгондуктан учурда жардамга муктаж. Андыктан бул үй-бүлөгө айылдагы “Ислам-Нуру” мечитинин жамааты акча чогултуп, 5 миң сом өлчөмүндө азык-түлүк жана балдарына кышкыга жылуу кийимдерди сатып алып бердик. Ошондой эле мечит жамааты менен кеңешип, мындан ары бул үй-бүлөгө ай сайын ушундай эле жардам берүүнү убада кылдык», -деди А.Исламов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!