Жер көчкүдөн жабыркагандар жаңы үйлөрүнө киришти

2-Дек. 2017, Ишемби, 11:11

Өзгөн районунун Курбу-Таш айыл аймагындагы жер көчкүдөн улам турак-жайсыз 42 тургун жаңы үйлөрүнө киришти.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Слайманкулов билдиргендей, алар Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Жаман-Адыр участкасына көчүрүлүп келген. Жаңы айылга “Ынтымак” деген ат берилген.

Эң биринчи үйүн бүткөрүп кирген жаранга белек берүүнү убада кылган Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов күн мурун үйдүн ээсине түстүү телевизор жана акчалай сыйлыгын тапшырды.

Үйүн экинчи болуп бүткөргөн дагы бир жаранга муздаткыч белекке берди.

Андан ары Курбу-Таш айылынан көчүрүлүп келген 74 үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугуп, курулуш иштери, элдин жашоосу тууралуу баарлашкан соң Таалайбек Сарыбашов азык-түлүк иретиндеги жардамды айыл тургундарына тапшырды. Аны барына тегиз элдик комиссия бөлүп бермей болду.

Андан соң облус жетекчиси Зергер, Ийри-Суу айыл аймагынан көчүрүлүп келүүгө тийиш болгондорго бөлүнгөн Төрт-Көл айыл аймагынын Ана-Кызыл участкасындагы курулуш иштери менен да таанышты. Учурда бул жерде мамлекеттин эсебинен төрт үй, ТИКА уюмунан жети үй салынып жатат. Аймактагы курулуш иштерин, таза суу долбоорун көрүп чыгып ишти илгерилетүү талабын койду.

Белгилей кетсек, жаз алды менен Өзгөн районунун бир нече айылдарында адам өмүрүн алган жер көчкү жүрүп, турак-жай, социалдык обьектилер бүлгүнгө учураган. Мындан ары жашоого мүмкүн болбогон аймактагы тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Фото: Жумамидин Сулайманкулов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!