Чүй менен Нанын ОИИБге жаңы жетекчилер дайындалды

2-Дек. 2017, Ишемби, 12:51

Чүй менен Нарын облустук ички иштер башкы башкармалыгына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин башчысы болуп Нурлан Сарчаев жана Нарын ОИИББинин башчысы болуп Уланбек Аалиев дайындалган.

Айта кетсек, буга чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Нурлан Сарчаев жетектеген. Ал эми Аалиев Чүй ОИИБинин башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!